Колл - борбор: 105;

Урматтуу керектөөчүлөр!

2 Октябрь 2026 ж.

Шылуундар энергетикалык компаниялардын атынан электр энергиясы үчүн карыз, эсептегичти алмаштыруу же акча кайтаруу сыяктуу шылтоолор менен жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Негизги коопсуздук эрежелери:

  • Шектүү шилтемелерге өтпөңүз жана QR-коддорду сканерлебеңиз.

  • Белгисиз колдонмолорду орнотпоңуз.

  • Банктык маалыматтарды, паролдорду жана SMS-коддорду эч кимге бербеңиз. Энергетика компанияларынын кызматкерлери SMS-коддорду сурабайт.

Карызды кантип текшерүү керек?

Төлөмдөрдү жана карыздарды текшерүү үчүн төмөнкү расмий гана булактарды колдонуңуз:

  • «Мой свет» жана «Мой свет Бизнес» мобилдик тиркемелери (App Store жана Google Play'де акысыз).

  • Электр тармактар ишканасынын расмий сайты.

Шектүү учурларда байланышуу үчүн расмий номерлер:

  • 105

  • 0772 00 12 09

  • 0702 00 12 09 (WhatsApp)

  • 0556 00 12 09