Колл - борбор: 105;

Байланыш түйүндөрүн (БОБЧ) ижарага берүү укугуна аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК төмөнкү: «Чүй электр тармактар ишканасы» «Бишкек электр тармактар ишканасы» «Жалал-Абад электр тармактар ишканасы» «Ош электр тармактар ишканасы» филиалдарынын балансында турган, жалпы узундугу 724,65 км түзгөн, 500-220-110 кВ электр берүү чубалгыларынын чагылганга каршы коргоочу зымында (грозотрос) жана сооттолгон оптикалык кабель аркылуу өткөн була-оптикалык байланыш чубалгыларын (БОБЧ) ижарага берүү укугуна ачык аукцион өткөрөт.

Негизги маалыматтар:

Ижарага берүүнүн негиздемеси: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 2025-жылдын 25-декабрындагы №801 «Байланыш түйүндөрүн (БОБЧ) ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө» буйругу.

Аукцион өткөрүлүүчү дарек: Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326.

Өткөрүү убактысы: 2026-жылдын 25-февралы, саат 10:00.

Мөөнөттөр жана байланыштар:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аякташы: 2026-жылдын 23-февралы, саат 16:00гө чейин

Өтүнмөлөрдү ачуу (вскрытие): 2026-жылдын 24-февралы, саат 10:00дө

Аукциондун башталышы: 2026-жылдын 25-февралы, саат 10:00дө

Аукцион өткөрүү боюнча телефон: +996 312 67-02-85 Техникалык суроолор боюнча телефон: +996 312 67-02-33 Электрондук почта: alerlannesk@gmail.com

Аукциондун уюштуруучусу: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК. Жайгашкан дареги: 720070, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326.