Колл - борбор: 105;

Көк-Арт район электр тармактарынын имараты оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди

28 Январь 2026 ж.

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “КУЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк-Арт РЭТинин жаңыланган имаратынын ачылыш аземине катышты.

Аталган имараттын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2025-жылы март айында башталып, ошол эле жылдын ноябрь айында толугу менен жаңыланып бүткөн. Жаңыланган имарат 112 кызматкерге ылайыкташылган.

Долбоордун жалпы наркы 5,7 млн сомду түзүп, “КУЭТ”ААКнын өздүк каражатынын эсебинен каржыланды. Ал эми курулуш иштерин «Өмүр-Курулуш» ЖЧКсы ишке ашырды.

Салтанаттуу ачылышта энергетика министри Т.Ибраев Кыргызстандагы энергетика тармагындагы өнүгүүлөргө токтолуп, алдыда дагы бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын айтып өттү. Ал тармакты өнүктүрүү, ири долбоорлорлу ишке ашыруу үчүн жасалып жаткан кадамдар энергетикалык таңкыстыктан чыгуунун багыты экенин баса белгиледи. Биздин бир гана максатыбыз генерацияны көтөрү дейт өз сөзүндө. Тармактын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн энергетиктерге шарт түзүү биринчи орунда эске алынаарын баса белгилеп, жаңы имарат кызматкерлерге түзүлгөн шарт экендигин жана керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө үчүн жасалгандыгын билдирди.

Аны менен катар энергетика жетекчиси калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапатын мындан ары дагы жогорулатуу жана ыкчам тейлөө максатында Жалал-Абад ЭТинин кызматкерлери үчүн бии атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Эске салсак, Көк-Арт РЭТинин имараты 1984-жылы 2 кабат болуп курулган. Буга чейин санитардык нормаларга жооп бербей калгандыктан, кызматкерлер үчүн да керектөөчүлөр үчүн да ынгайсыздык жаралып келген. Бүгүнкү күн толугу менен жаңыланып, заманбап имаратка айланды.

Иш-чарага КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев, Сузак районунун акиминин орун басары Азамат Маматжанов жана энергетиктер, жергиликтүү тургундар катышты.