2026-жылдын 7–8-апрель күндөрү Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын энергетика тармагынын кызматкерлери арасында «Достук» стелласынын ачылганына бир жыл толушуна карата кичи футбол боюнча достук турнир болуп өттү. Исфара шаарында өткөн Достук турнири Энергетика министрлиги жана тармактык кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулду.
Аталган турнирди өткөрүүнүн негизги максаты – коңшу мамлекеттердин энергетиктеринин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүү, сергек жашоо образын жайылтуу, ден соолукту чыңдоо жана командалык биримдикти арттыруу болуп саналат.
Турнирге үч өлкөнүн энергетиктеринен түзүлгөн командалар катышып, оюндар жогорку деңгээлде жана кызыктуу өттү. Кыргызстандын энергетиктери энергетика тармагында гана эмес, спорттун футбол түрүндө да өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтө алышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча:
• Кыргызстан Өзбекстандын командасын 4:2 эсебинде утту;
• Кыргызстан Тажикстандын командасын 5:3 эсебинде утту.
Жыйынтыгында эл аралык достук турнирде Кыргызстандын энергетиктери жеңүүчү аталды.
Иш-чаранын соңунда ар бир команданын жетекчилери жана уюштуруучулар куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мындай эл аралык турнирлер командалык духту чыңдоого, корпоративдик спортту өнүктүрүүгө жана энергетиктердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле бул турнирди жыл сайын өткөрүп туруу зарылдыгы баса белгиленди.