Колл - борбор: 105;

«Мой свет» тиркемесинде коммуналдык кызматтарды төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду

5 Ноябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК абоненттерге дагы да ыңгайлуу болушу үчүн акысыз «Мой свет» мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

Эми тиркемеде жаңы «Коммуналдык кызматтар» бөлүмү иштеп баштады. Анын жардамы менен электр энергиясынан тышкары, башка да коммуналдык кызматтардын эсебин текшерип, төлөм жүргүзүүгө болот. Жаңы функция эки ай бою сыноодон өтүп, тесттик төлөмдөр ийгиликтүү ишке ашырылды.

Жаңы кызматты кантип колдонсо болот?

1.     «Мой свет» тиркемесин ачыңыз.

2.     Төлөм жүргүзүү бөлүмүнө өтүңүз.

3.     Экрандын төмөнкү жагындагы «Коммуналдык кызматтар» баскычын тандаңыз.

4.     Керектүү кызматтарды кошуп, эсептелген сумманы көрүңүз жана бир нече чыкылдатуу менен төлөңүз.

Бул жаңылык Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы абоненттер үчүн жеткиликтүү. Эми ар кандай сервистерге кирүүнүн зарылдыгы жок — бардык коммуналдык төлөмдөр бир жерге чогулуп, убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет.

Эске салсак, «Мой свет» тиркемеси аркылуу электр энергиясынын сарпталышын көзөмөлдөө, балансты текшерүү, эскертмелерди алуу жана эсептерди төлөө абдан оңой.

Беш мүнөт убакыт бөлүп, «Мой свет» тиркемесин Google Play же App Store аркылуу жүктөп алыңыз. Коммуналдык кызматтарды кошуп, бардык эсептерди үйдөн чыкпай эле, тез жана ыңгайлуу төлөңүздөр!