«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордонун куруу иштерин ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берди. Объект планда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда бүткөрүлдү.
Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышты.
Курулуш жана монтаждоо иштери «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан аткарылып, жалпы инвестиция көлөмү 18 500,0 миң сомду түздү.
Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону ишке киргизилиши менен Кең-Сай жаңы конушу жана ага жакын жайгашкан Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдары токтобос электр энергиясы менен камсыздалат.
Мындан тышкары, объект Ош шаарындагы 3 000 түтүнгө, ошондой эле Араван районундагы 1124 гектар жер аянтындагы 6 877 тургунга электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы көмөк чордон 110/6 кВ “Учар” жана 35/10 кВ “Гулбаар” көмөк чордондорундагы ашыкча жүктөмдү азайтууга жардам берет. “Кең-Сай” көмөк чордону турак-жай конушун өнүктүрүү долбоорунун алкагында курулуп, 1824 гектар аянттагы социалдык, өндүрүштүк, коомдук жана жеке менчик объекттерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Көмөк чордон 110 кВ “Узловая–Мангыт” аба чубалгысына 230 метрлик жаңы курулган аба чубалгысы аркылуу кошулган.
· кубаттуулугу 6,3 МВА болгон трансформатор;
· 110 кВ элегаздык өчүргүч жана ажыраткыч;
· 24 даана 10 кВ КРУН бөлүштүрүүчү камералар;
· 18 вакуумдук өчүргүч, алардын ичинен 5 даанасы ишке берилген (3 — керектөөчүлөр үчүн, 1 — ТСН, 1 — ТН-10 кВ);
· оперативдик башкаруу пунктуна релелик коргоо жана автоматика шкафтары, трансформаторду коргоо жана башкаруу шкафтары, чыналуу трансформатор шкафтары, оперативдик токту бөлүштүрүүчү шкафтар, аккумулятордук шкафтары жана электр эсептегич жабдуулары орнотулган.
Ош электр тармактарынын адистери тарабынан бардык электр жабдуулары тестирлөөдөн жана ишке жөндөмдүүлүк сыноосунан өткөрүлүп, пайдаланууга толук даяр деп табылган.
· 10 кВ аба чубалгысынын узундугу — 15,5 км
· 0,4 кВ аба чубалгысынын узундугу — 3,5 км
Эске салсак, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин июль айындагы Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович менен биргеликте курулушу аяктай элек “Кең-Сай” көмөк чордонуна барган. Ал кезде министр жыл аягына чейин объектти толук ишке берүүнү тапшырган. Бүгүнкү күндө бул тапшырма толугу менен аткарылды.
Жаңы “Кең-Сай” көмөк чордону Ош шаарынын жана аймактын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, жаңы керектөөчүлөрдү улуттук электр тармагына кошууга мүмкүндүк берет, чакан, орто жана ири ишканалардын ишин өнүктүрүүгө шарт жаратат. Ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана инфраструктураны өркүндөтүүгө чоң салым кошот.