Колл - борбор: 105;

«КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары дайындалды

17 Ноябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары болуп Бакыт Джолдошбеков дайындалды.

Жаңы дайындалган биринчи орун басарды компаниянын эмгек жамаатына «КУЭТ» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов тааныштырды.

Ал Бакыт Джолдошбеков Кыргызстандын энергетика тутумунда эмгек жолунун бардык баскычтарын басып өтүп, катардагы адистен жетекчилик кызматка чейин жеткен тажрыйбалуу энергетик экенин белгиледи. Ошондой эле жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, электр тармактарынын туруктуу жана авариясыз иштешин камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруусуна тилектештигин билдирди.

Буга чейин Бакыт Джолдошбеков «КУЭТ» ААКтын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалап келген.

Жогорку билимдүү. И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин «Электр менен жабдуу» адистиги боюнча аяктаган. Энергетика тармагындагы эмгек стажы 27 жыл.

Бакыт Джолдошбеков электр энергетикасы тармагында бай практикалык тажрыйбага ээ. Өндүрүштүк процесстерди жана электр тармактарынын иштөө өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүргөн. Көп жылдык эмгек жолунда өзүн кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана демилгелүү жетекчи катары көрсөтүп, натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга, ишкананын ишин талаптагыдай уюштурууга жана коюлган милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга жөндөмдүү адис катары таанылган.