«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жыйындар залында мекменин кызматкерлери үчүн маанилүү окутуу семинары болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» аттуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 2025-жылдын 3-июлундагы №409 буйругунун негизинде уюштурулду.
Семинардын негизги максаты — энергетиктердин мамлекеттик тил боюнча компетенттүүлүгүн жогорулатуу, расмий иш кагаздарын жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр менен тааныштыруу жана тил саясатынын алкагында методикалык жолдорду үйрөтүү.
Иш-чарага эксперт катары төмөнкү адистер катышып, маалымат беришти:
• Жумакадырова Карлыгач Мамбетжумаевна — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
• Козубекова Тамара Козубековна — башкы адис;
• Шамуратова Зияда Аскарбековна — жетектөөчү адис.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары, тест тапшыруунун тартиби жана расмий иш кагаздарын даярдоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле, кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна адистерден түз жооп ала алышты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү «Кыргызстан УЭТ» ААКтын корпоративдик маданиятында мамлекеттик тилдин ролун бекемдөөгө жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин арттырууга багытталган.