Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

19 Март 2026 ж.

Бүгүн, 2026-жылдын 19-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратында Улустун улуу күнү — Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Усенова Назгуль Жоробековна жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Матаев Шамил Нурбекович, ошондой эле компаниянын жетекчилиги, энергетика тармагынын ардагерлери жана кызматкерлер катышты.

Энергетика министринин орун басары Назгуль Жоробековна өз сөзүндө энергетиктерди келе жаткан кош майрам — Нооруз жана Орозо айт менен куттуктап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу ар бир кызматкердин ролун белгилеп өттү.

«Урматтуу кесиптештер!

«КУЭТ» ААКнын жетекчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди жазгы жаңылануу майрамы — Нооруз жана касиеттүү Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Быйылкы жылы бул эки улуу майрамдын катар келиши — ынтымактын, тынчтыктын жана жакшы үмүттөрдүн символу. Нооруз жергебизге береке алып келсин, ал эми Орозо айт жүрөгүбүздү аруулукка жана кайрымдуулукка толтурсун.

Сиздерге чың ден соолук, туруктуулук жана өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуудагы, ар бир үйгө жарык берүүдөгү жалпы ишибизге ийгиликтерди каалайм. Ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана кубаныч өкүм сүрө берсин!» - деди Ш.М.Нурбекович.

Компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары Шамил Нурбекович Матаев да жалпы жамаатты куттуктап, жаз майрамы иштерине ийгилик жана ар бир кызматкердин үй-бүлөсүнө бакыт алып келишин каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, маданият тармагындагы таланттуулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, энергетиктерге жагымдуу майрамдык маанай тартуулашты.