2025-жылдын 22-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев, ошондой эле ишкананын бөлүм, кызмат башчылары, энергетика тармагынын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев сөз сүйлөп, энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, тармактын өнүгүшүнө зор салым кошкон ардагерлердин эмгегин өзгөчө белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев кесиптештерин Энергетиктер күнү менен куттуктап, энергетика тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Ильгиз Сыдыгалиев өз сөзүндө энергетика тармагынын өлкө үчүн стратегиялык маанисин белгилеп:
«Энергетика тармагында эмгектенип жаткан ар бир адистин иши — өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун жана калктын жашоо шартын жакшыртуунун негизги фактору болуп саналат», — деп баса белгиледи.
Бардык сыйлык алган кесиптештерди чын жүрөктөн куттуктайбыз!