Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрдү

30 Апрель 2025 ж.

2025-жылдын 30-апрелинде «Кыргыз улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өттү.

Жыйында төмөндөгү суроолор каралды:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү туурасында.
  2. 2024-жылдагы Коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары туурасындагы Башкы дирекциясынын отчету жөнүндө.
  3. Коомдун 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы туурасындагы башкы дирекциясынын отчету жөнүндө.
  4. 2024-жылдагы Коомдун кирешелеринин жана чыгашаларынын эсеби, жылдык баланс жөнүндө.
  5. Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2024-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  6. Коомдун Текшерүү комиссиясынын 2024-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  7. Коомдун Директорлор кеңешинин 2024-жыл боюнча отчету.
  8. 2025-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
  9. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө.
  10. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо туурасында.
  11. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү туурасында.
  12. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү туурасында.
  13. 2025-жылга карата коомдун көз карандысыз аудиторун жана ага кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү. 

Жыйында тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жыйындын жыйынтыктары «Кырыгызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтынын “Билдирүүлөр” бөлүмүндө жарыяланат.