2026-жылдын 2-ноябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле Директорлор кеңешинин чечими менен капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Искандер Адиев да ээлеген кызматынан бошотулду.
Бүгүн, 3-ноябрда, эмгек жамаатына капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун жаңы орун басары болуп дайындалган Гүлжигит Мурзакаримов тааныштырылды.
Жаңы жетекчини тааныштырууда Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов анын алдында турган негизги милдеттерди белгиледи. Алардын катарында:
· Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
· Капиталдык курулуш иштерин өнүктүрүү;
· Пландаштырылган иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
· Инвестициялык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелери бар.
Мындан тышкары, өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын чыңдоо, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын электр тармактарын модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди.