2025-жылдын 22-июлунда Кыргызстан энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 44 миллион 124 миң кВт.с деңгээлине жетти.
Бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллиондун кВт.с тегерегинде с болгон.
Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептер:
Ысык аба ырайы жана анын натыйжасында кондиционерлердин жана муздаткыч жабдыктардын көп колдонулушу.
Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы.
Көп кабаттуу үйлөрдүн жана өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши.
Учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле маалда, «КУЭТ» ААКму жогорку жүктөм шартында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө.
Компания жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп туруу жана электр энергиясына этият мамиле кылуу аркылуу ар бир жаран энергосистеманын туруктуу иштешине салым кошо ала турганын эскертет.