«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк райондук электр тармактарынын адистери электр жабдууларын чыңалуу алдында тейлөөнүн жаңы технологиясын колдонуу менен алгачкы оңдоо иштерин жүргүзүштү.
Энергетиктер № 4470 трансформатордук көмөк чордонуна тиешелүү 0,4 кВ чыңалуудагы аба электр чубалгысындагы фарфор изоляторун алмаштырышты. Иштер электр чубалгысын өчүрбөстөн аткарылып, керектөөчүлөр электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болду.
Электр жабдууларын чыңалуу алдында тейлөө технологиясын киргизүү иштери 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен энергетика министринин көзөмөлүндө башталган.
Салттуу ыкма менен электр тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыздоо үчүн көпчүлүк учурда электр энергиясын убактылуу өчүрүүгө туура келет. Ал эми жаңы технология атайын коопсуздук талаптарын так сактоо менен оңдоо жана алдын алуу иштеринин айрым түрлөрүн электр энергиясын өчүрбөстөн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул технологияны Кыргызстанда ишке киргизүү максатында Каракол шаарында адистештирилген Окуу борбору түзүлдү. Аны өнүктүрүүгө 55 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Долбоордун алкагында окуу полигону жаңыланып, имарат толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Заманбап жабдуулар жана атайын техникалар сатылып алынды. Ошондой эле окууга келген кызматкерлер үчүн жатакана пайдаланууга берилди.
Долбоорду ишке ашырууга Россия Федерациясынын Татарстан Республикасындагы «Сетевая компания» акционердик коому усулдук жана кесиптик колдоо көрсөтүүдө. Өнөктөштөрдүн көмөгү менен окуу программалары иштелип чыгып, чыңалуу алдында иштөө боюнча техникалык документтер «КУЭТ» ААКтын иш шарттарына ылайыкташтырылды.
Окуу борбору тиешелүү лицензия алып, адистерди даярдоого киришти. Бүгүнкү күндө компаниянын 24 кызматкери окуудан өттү. 2026-жылдын аягына чейин 48ге жакын адисти даярдоо пландалууда.
Энергетиктердин практикалык даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Окутуу адистештирилген полигондо практикалык иштерди жүргүзүүнү, технологиялык операцияларды өздөштүрүүнү жана эмгекти коргоо талаптарын сактоону камтыйт. Кызматташтыктын алкагында «Сетевая компания» АКтын адистери 500 кВ чыңалуудагы жабдууларда көрсөтмөлүү иштерди да өткөрүштү.
Бул багытты мындан ары өнүктүрүү үчүн 2026–2030-жылдарга карата электр жабдууларын чыңалуу алдында тейлөө технологиясын киргизүү концепциясы иштелип чыкты. Ал эми 2027-жылы Окуу борборунун жаңы корпусун куруу пландалууда.
Келечекте борбор Кыргызстандагы гана эмес, коңшу мамлекеттердеги энергетиктерди да даярдоочу аймактык окуу аянтчасына айланат.
Электр жабдууларын чыңалуу алдында тейлөө технологиясын колдонуу энергетика тармагы үчүн гана эмес, өлкөнүн экономикасы үчүн да чоң мааниге ээ. Электр энергиясын берүүдөгү үзгүлтүктөрдүн азайышы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин жана башка мекемелердин туруктуу иштешине шарт түзөт. Бул өз кезегинде өндүрүштүк жоготууларды кыскартууга, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана инвестиция тартууга өбөлгө болот.
Түндүк РЭТтин адистери тарабынан жүргүзүлгөн алгачкы иштер Кыргызстандын энергетика тармагында жаңы технологияны иш жүзүндө колдонууга өтүүнүн маанилүү кадамы болуп калды.
«КУЭТ» ААК бул технологияны этап-этабы менен өздөштүрүүнү, квалификациялуу кадрларды даярдоону жана керектөөчүлөрдү электр энергиясынан ажыратпастан аткарылуучу иштердин түрлөрүн кеңейтүүнү улантат.
Ишенимдүү электр менен камсыздоо, заманбап технологиялар жана энергетиктердин жогорку кесипкөйлүгү — Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү негиздеринин бири.