Колл - борбор: 105;

Бишкекте CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен жумушчу топтун жыйыны өттү

9 Октябрь 2026 ж.

2026-жылдын 7–9-октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Афганистандын өкүлдөрүнүн катышуусунда CASA-1000 эл аралык энергетикалык долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Үч күнгө созулган жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар:

  • долбоордун ишке ашырылышынын учурдагы абалын;
  • катышуучу өлкөлөрдөгү курулуш иштеринин жүрүшүн;
  • долбоорду эксплуатациялоону баштоого техникалык жана коммерциялык жактан даярдык маселелерин;
  • CASA-1000 энергетикалык инфраструктурасынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча мындан аркы биргелешкен аракеттерди талкуулашты.

Кыргызстан тарап CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери аяктагандыгы тууралуу катышуучуларга маалымат берди. Ал эми башка катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз аймактарында долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

CASA-1000 долбоору аймактык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Аны ишке ашыруу энергетикалык инфраструктураны түзүүгө жана Борбордук Азия менен Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган.

Бишкекте өткөн жыйын тараптарга мындан аркы милдеттерди макулдашууга жана долбоорду коммерциялык эксплуатацияга даярдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.