«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистери Ысык-Көл облусунун курорттук сезонуна электр тармактарынын инфратүзүмүн даярдоо иштерин жүргүзүштү
                26 Май 2025 ж.
                Жайкы туристтик сезондун алдында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан аймактагы электр тармак инфратүзүмүн даярдоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды. 
Аткарылган иштердин негизги максаты — электр энергиясын ишенимдүү, үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыз кылуу.
Аткарылган иштер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Чырпыкты жана Жолколот айылдарында жаңы трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, бул жергиликтүү тургундарды электр энергиясы  менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
 
Капиталдык оңдоо иштерине төмөнкүлөр кирет:
- 35–220 кВ чыңалуудагы 16 көмөк чордондор;
 
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 18 трансформатордук көмөк чордондор (Ысык-Көл облусунун аймагында); 
 
- 0,4–10 кВ чыңалуудагы 34 чакырым  аба чубалгылары;
 
- 35–220 кВ чыңалуудагы 4 чакырым  аба чубалгылары.
 
Негизги объекттердеги жабдууларды модернизациялоо:
- 35/10 кВ «Ачикеев» көмөк чордондо эски май толтурулган өчүргүчтөр заманбап, экологиялык жактан таза, коопсуз жана эффективдүү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды;
 
- 110/10 кВ «Чолпон-Ата» көмөк чордондо КРУН-10кВ бөлүштүрүүчү түзүлүшү жаңыртылды;
 
- 6,7 чакырым аба чубалгылары кайрадан конструкцияланды;
 
- 1,83 чакырым  аба чубалгылары өзүн-өзү көтөргөн изоляцияланган зымга (СИП) жана 5,3 чакырым  алюминий зымга алмаштырылды;  
 
- Кайрадан конструкциялоонун алкагында эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон конструкцияларга алмаштырылып, алар аба-ырайынын таасирине туруктуу болуп калды.
 
Аткарылган иштердин натыйжалары:
- Туристтердин массалык агымы учурунда тармактардын жогорку жүктөмгө туруктуулугу жогорулады;
 
- Жүктөмдүн ашыкча болушу жана өзгөчө кырдаалдар болуу коркунучу азайды;
 
- Керектөөчүлөр (калк, медициналык мекемелер, бизнес) үчүн чыңалуунун сапаты туруктуу камсыздалды;
 
- Региондун энергетикалык коопсуздугу чыңдалып, Ысык-Көл облусунун жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.