Кечээ, 16-апрель күнү, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жыйындар залында «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, кеңеш мүчөлөрү Алымбек Баймуратов, Жыргалбек Турускулов, Мирбек Маматов ошондой эле «Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы дирекциясынын мүчөлөрү Шамил Матаев, Уларбек Дуйшө уулу, Искандер Адиев жана ишканадагы өндүрүштүк кызматтардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
1.Коомдун Башкы дирекциясынын 2025-жылдагы каржы - чарбалык ишмердүүлүгүнүн жана бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары;
2.Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2025-жыл боюнча корутундусу;
3.Коомдун Текшеруу комиссиясынын 2025-жыл боюнча корутундусу;
4.2026-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо;
5.2026-жылга карата коомдун бюджетинин долбоорун, капиталдык салымдардын планын жана сатып алуулар планын кароо;
6.2025-жыл үчүн Директорлор Кенешинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө Башкы дирекциянын отчету;
7."Кыргызстан УЭТ" ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушунун күн тартибин бекитүү;
8.Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү;
9.Ар түрдүү маселелер.
Жыйынды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев ачып, директорлор кеңеши ишканадагы 2025-жылдагы каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жана бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматты угушту.
Жыйындын жүрүшүндө коомдун бюджетинин долбоорун, капиталдык салымдардын планын жана сатып алуулар планы да талкууланды.Жыйынтыгында, «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Директорлор кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев энергетиктердин негизги милдети – керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу экенин белгилеп, капиталдык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Андан тышкары "Кыргызстан УЭТ" ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушунун күн тартиби бекитилди