2025-жылдын 5-сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Борбордук диспетчердик кызматынын (БДК) базасында бардык электр тармактык ишканалардын оперативдүү-диспетчердик кызматтарынын (ОДК) жетекчилери үчүн кеңешме-окутуу жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чара 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында өткөрүлүп, диспетчердик персоналдын кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээлинин критикалык төмөн болушу менен жаралган мүмкүн болгон кубаттуулук тартыштыгы шартында аракеттерди иш жүзүндө өздөштүрүүгө багытталды.
Кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча теориялык окутуу жүргүзүлдү:
· Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр станциялары менен тармактардын персоналы үчүн аварияга каршы машыгууларды өткөрүү тартиби;
· Электр энергетикалык системалардын иштөө негиздери;
· Диспетчердик персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана сактап калуу тартиби.
Мындан тышкары, диспетчердик персонал үчүн окуу колдонмосунун негизинде төмөнкү негизги темалар каралды:
1.Электр тармактарындагы режимдер;
2.Кубаттуулукту жөнгө салуу;
3.Энергосистемалардын туруктуулугу;
4.Кайра жаралуучу энергияга негизделген электр станциялары;
5.Реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоо каражаттары;
6.Релейдик коргоого коюлуучу негизги талаптар;
7.Аварияга каршы автоматика.
Бул кеңешме-окутуу жыйыны Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын алдыдагы күз-кыш мезгилиндеги ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоого багытталган жана мүмкүн болгон энергетикалык тартыштыктын шартында персоналды даярдоого багытталган системалуу иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.