Колл - борбор: 105;

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигинин коллегиясы болуп өттү

23 Январь 2026 ж.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри - Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Улугбек Нургазиев, КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана Министрликке караштуу энергетикалык компаниялардын, мекемелердин жана алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басарлары 2025-жылы аткарылган иштери, 2026-жылга койгон иш-пландары тууралуу баяндама кылды.

Ал эми өткөрүлгөн коллегияда энергетика министри Т.Ибраев эң биринчи 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн баардык энергетиктер штаттык режимде иштеп, керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртууда жоопкерчиликтүү иш алып баруусу керектигин эскертти. Мындан тышкары 2026-жылга коюлган пландар графикке ылайык өз убагында аткарылуусу зарыл экенин баса белгиледи.

2025-жылы энергетика тармагында бир катар иштер аткарылды. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт:

1. 2025-жылы Кыргыз Республикасы боюнча жалпы керектөө 19,3 млрд.кВтс түздү. Ал эми Республикабызда жалпысынан 15,4 млрд.кВтс электр энергиясы өндүрүлдү, анын ичинде:

Ири ГЭСтерден – 12,9 млрд.кВтс,

Чакан ГЭСтерден -0,223 млрд.кВтс,

Кичи ГЭСтерден, КЖБ (Күн электр жана шамал станциялардан) - 0,234 млрд.кВтс,

Жылуулук электр борбордон – 2,01 млрд.кВтс электр энергиясы өндүрүлдү.

Андан тышкары коңшу өлкөлөрдөн 3,8 млрд.кВтс электр энергиясы Кыргызстанга импорттолду.

2. “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо Фаза №3” долбоорунун алкагында

№3-гидроагрегатын реабилитациялоосу аяктап, кубаттуулугу кошумча 60 МВтка жогорулады. Учуда Токтогул ГЭСинде төрт гидроагрегаттын модернизациялоо иштери аткарылып, жалпы 1200 МВтка + 240 МВт кошулду.

3. 2025-жылы Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатына модернизациялоо иштери аткарылып, кубаттуулугу дагы 9 мегаваттка жогорулады . Ал эми 2024-жылы Үч-Коргон ГЭСинде биринчи гидроагрегатыны модернизация иштери аткарылган. Учурда жалпы ГЭС 180 МВтка +18 МВт кошулду. 2026-жылы ГЭСтин калган эки гидроагрегаттары модернизациядан өткөрүлөт.

Жалпысынан алганда 2025-жылы ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо менен ГЭСтердин кубаттуулугу кошумча дагы 69 МВтка көбөйтүлдү.

4. “Камбарата-1 ГЭС”. Кылым долбоору аталган, жалпы кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбарата-1 ГЭСин куруу” долбоорунун 2014-жылы иштелип чыккан ТЭНин актуалдаштырууга сынак өткөрүлүп, аткаруучу менен келишим түзүлүп, иштер аткарылууда. Бүгүнкү күнгө карата ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталды. Бул иш-чараларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан мурда бөлүнгөн 5 млн АКШ долларына кошумча дагы 13,6 млн АКШ доллары бөлүнүп берилип, ал эми Камбарата-1 ГЭСинин негизги курулуш иштерине дагы Дүйнөлүк банк тарабынан үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан) 1,5 млрд. АКШ долларын бөлүп берүүсү каралууда. Мындан тышкары уюштурулган жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында Камбар-Ата1- ГЭС долбооруна 9 донор 2,5 млрд АКШ долларына каржылоого кызыктар экенин билдирди.

Долбоордун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону (АЧСТБ) иштеп чыгуу аяктады. Бул иш-чараларды ишке ашырууга Дүйнөлүк банк тарабынан 18,6 млн АКШ доллары бөлүнүп берилген.

Өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору 2025-жылдын 30-сентябрында Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрликтерине жөнөтүлуп, учурда Өзбекстан, Казакстан тараптан сунуштарын жана сын-пикирлер келип түштү.

Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык тобунун эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Аткарылган иштери:

* Бишкек–Ош автожолунун 318-чакырымынан Прорез №2ге чейинки бетон автожолду куруу – жалпы узундугу 8,6 км, толугу менен бүткөрүлүп, объектти кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө;

* Прорез №2ден Камбар-Ата-1 ГЭС створуна чейинки бетон автожолду куруу – жалпы 4,7 км, анын 4 км же 85% аткарылган;

* Транспорттук туннель ТТ-2 (126 м) – бургулоо жана бетон иштери толугу менен аяктаган, объект кабыл алуу стадиясында;

* 110 кВ аба электр линиясы жана 110/6 кВ көмөк чордонун куруу – 11,5 км линия толук тартылып, 25 даана мамыча орнотулган, көмөк чордону боюнча негизги иштер аяктоого аз калды;

* 100 адамга эсептелген вахталык кыштактын курулушу – административдик корпус, жатакана, ашкана жана кошумча объекттер менен кошо 60–70% деңгээлде аткарылган;

* Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата ГЭС-1дин оң жээгине өтүүчү көпүрөнүн курулушу – 4 бетон тирөөчү толук бүткөрүлүп, узундугу 180 метрден ашык көпүрөнүн металл конструкцияларын монтаждоо иштери жүрүүдө, жалпы даярдык 50–60%;

* ТТ-2 транспорттук туннелинин эксплуатациялык мезгилдеги курулуш-монтаж иштери – 1 387 метр бетон жол толук бүткөрүлгөн, ички конструкциялык иштер улантылууда, жалпы даярдык 55–60%.

5. 2025-жылы Камбарата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

• Камбар-Ата-2 ГЭС объектисинде бардык подрядчылар жана консультанттардын катышуусунда көчмө координациялык кеңешмелер өткөрүлдү;

• Жабдууларды жайгаштыруу зоналарын, кеңсе жана убактылуу турак жай инфраструктурасын камтыган негизги курулуш аянтчаларын даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлдү;

• Подрядчы уюмдардын кеңсе жана турак жай имараттары үчүн пайдубалдарды бетондоо иштери жүргүзүлүп, объектте персоналдын туруктуу иш алып баруусуна шарт түзүлдү;

• Кеңсе жана турак жай имараттарынын металлоконструкцияларын, анын ичинде көтөрүүчү элементтерин жана чатыр конструкцияларын монтаждоо иштери башталды;

• Долбоорлоочу уюмдардын катышуусунда №2 гидроагрегаттын суу өткөргүчү жана №1 гидроагрегаттын компенсатору техникалык жактан кароодон өткөрүлдү;

• Экинчи гидроагрегатты пайдаланууга берүү боюнча негизги курулуш-монтаждоо этабына өтүүнү камсыз кылуучу даярдоо иштери башталды.

«Электр станциялар» ААК подрядчы уюмдар жана инженердик консультант менен биргеликте долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө жана иштердин бекитилген графиктерге ылайык аткарылышына туруктуу көзөмөл жүргүзүүдө.

Квалификациялуу подряддык уюмдарды кеңири тартуу максатында долбоор үч лотко бөлүнгөн.

Эл аралык тендерлердин жыйынтыгында иштин бардык багыттары боюнча подрядчылар тандалып алынган:

• №1 жана №2 лоттор боюнча — DEC–SM консорциуму (Кытай Эл Республикасы / Корея Республикасы);

• №3 лот боюнча — Sinohydro Bureau 16 компаниясы (Кытай Эл Республикасы).

6. 2025-жылы 8 ЧГЭС (44,59 МВТ) ишке кирди. Алар:

1. Аксы ГЭС — 4,75 МВт

2. Боз-Учук ГЭС — 5,54 МВт

3. Койсуу ГЭС — 9 МВт

4. Ысык-Ата-2 ГЭС — 4 МВт

5. Кара-Көл ГЭС — 18 МВт

6. Кожо-Кайыр ГЭС – 0,6 МВт

7. Шамшы ГЭС – 1,7 МВт

8. Курак-Тектир-2 ГЭС – 1 МВт

Азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 101,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Ушул жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы — кубаттуулугу жалпы 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду. Жалпы инвестиция: 4,215 миллиард АКШ долларын түздү.

Жалпысынан алганда энергетика тармагына 2025-жылы ЧГЭСтерден 44,59 МВт кубаттуулук, ал эми күн электр станциясынан 101,22 МВт кубаттуулук кошулду.

7. 2025-жылдын 27-октябрында КР Кара-Көл ГЭСи Президентинин катышуусунда ишке берилди.

2023-жыл Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлуп, 2025-жылы ГЭСтин курулуш иштери активдүү жүргүзүлдү:

• узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен аяктады;

• суу өткөрүүчү тоннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;

• ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;

• төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;

• чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;

• №№ 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.

Учурда курулуштун 80% бүтүрүлдү. Бекитилген графикке ылайык ГЭС 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишке берилет.

-2025-жылы Лебединовка гидроэлектростанциясын реконструкциялоо долбоору боюнча башкы подрядчы менен келишимге кол коюлуп, подрядчы доблбоорлоо жана сметалык документтерди иштеп чыгууга киришти. Долбоор 2027-жылдын декабрь айында аяктайт.

- Папан чакан ГЭСинин куруу иштери мамлекеттик-жекече өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында жүзөгө ашырылууда. Бүгүнкү күнгө ГЭСтин курулуш аянтына 8 километр келген убактылуу жолдун курулушу аяктап, Папан суу сактагычынын бассейнинен суу алуучу курулмаларды курууга жер бөлүнгөн. Курулуш иштери 2027-жылдын соңуна чейин аяктайт.

-2025 –жылы KRED долбоорунун алкагында Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо боюнча Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга консультанттар менен келишим түзүлдү. Бекитилген графикке ылайык долбоор 2028-жыл аягына чейин аяктайт.

2025-жыл – Өлкөбүздөгү жашыл энергетика тармагын өнүктүрүү жана мамлекетибиздеги автоунаа инфраструктурасын жакшыртуу максатында “Чакан ГЭС” ААК өз каржы эсебинен 10 электромобилди кубаттоочу станцияларды орнотуп, ишке берди.

8. Көмүр. “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коому тарабынан 2025-жылы 1 373 800 тонна көмүр казылып, 9 648 500 м³ кыртыш ачуу иштери жүргүзүлүп, натыйжада 2025-жылга белгиленген өндүрүштүк план ашыгы менен аткарылды.

Бүгүнкү күндө 9 лицензия боюнча толук кандуу көмүр өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинен «100 өнөр жай ишканасы - 2025» долбооруна «Сүлүктү талаа-11», «Бешбурхан», «Маркай», «Торугарт-1» жана «Кожо-Келең» кендери киргизилип, 2025-жылдын III, IV кварталдарында расмий ачылыштары болуп өтүп, учурда тоо-кен иштери жүрүп жатат.

Калкты көмүр отуну менен өз убагында камсыз кылуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 142 көмүр сатуу кампасын уюштурган. Буга кошумчалай, Чүй өрөөнүнүн жана Бишкек шаарынын айрым отун базаларына көмүрдү темир жол менен жеткирүү кайрадан башталып улантылды.

Ошондой эле, калкты сапаттуу кесек көмүр менен камсыз кылуу, экологияны жакшыртуу максатында, Кара-Кече кенине көмүрдү сорттоочу 2 комплекс орнотуп, ишке киргизилди.

9. Газдаштыруу. 2025-жылы Новопокровка айылы (5 982) толугу менен газдаштырылып бүттү. 2025-жылдын башынан бери 100 чакырымдан ашык газ түтүгү курулду, ошондой эле 20 000 абонент газ тутумуна кошулду.

Мындан тышкары, азыркы учурда 2026-жылы 5 турак жай массивине газдаштыруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө: 2025-жылдын 12 айында жаратылыш газын сатуунун көлөмү 520,0 млн м³ түздү, ал эми 2024-жылдын 12 айында жаратылыш газын сатуу 517,0 млн м³ түзгөн, 3,0 млн м³ өсүү байкалууда. 2026-жылга жаратылыш газын жеткирүүнүн болжолдуу көлөмү 580,0 млн м³ түзөт. Жеңилдетилген каржылоо – 3” долбоору боюнча 155 кожолука жалпы суммасы 19,29 млн. сом кредиттер берилди.

10. Нефть. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» МИ «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКсы менен биргеликте 22 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлдү. Скважиналарда топографиялык иштер жүргүзүлүп, скважиналарга электр зымдары тартылды, «Түндүк Сох» жана «Чоңгара Галча» кенинде 9 скважинада геофизикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Долбоор боюнча жалпы 150-250 иш оруну камсыздалат.

11. Атайын техника. 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына өздүк каражаттын эсебинен 198 даана атайын техника сатып алынды. (“Кыргызкөмүр” МИ - 42 техника, “Чакан ГЭС” ААК - 5 жеңил автоунаа, “КУЭТ” ААК- 140 даана атайын техника, "Электр станциялар" ААК 9 атайын техника жана 2 кызматтык жол тандабас сатып алынды)

12. Обьектилер. 16 даана административдик жана өндүрүштүк имараттар курулуп, 6 даана РЭТ капиталдык ремонттон өттү.

Жаңы курулган объекттер:

• "Электр станциялар" ААКнын башкы административдик имараты;

• 4 РЭТ (Ат-Башы, Нарын, Жумгал жана Майлуу-Суу);

• 5 участок (Кулатов УЭС, Чек-Абад УЭС, Куршаб УЭС, Салам-Алик УЭС, Отуз –Адыр УЭС)

• 2 даана темир-бетон тирөөчтөрдү даярдоо цехи (Ош, Нарын)

• 1 даана трансформаторлорду оңдоо цехи (Жалал-Абад)

• 3 даана кызматтык тиричилик жайы (Избаскент, Ала-Бука, Ой-Тал)

Мындан тышкары 6 даана РЭТ капиталдык ремонттон өттү (Өзгөн, Ноокен, Жалал-Абад, Сузак, Көк-Арт, Чолпон Ата)

13. Курулуп бүткөн көмөк чордондор:

2025-жылы 8 даана 35-110 киловольт (кВ) көмөк чордондор курулду.

3 даана 110 кВ:

«Мурас» (Бишкек электр тармактар ишканасы),

«Кен-Сай» (Ош электр тармактар ишканасы),

«Суу-Башы» (Баткен электр тармактар ишканасы).

5 даана 35 кВ:

«Талды-Суу» (Нарын электр тармактар ишканасы),

«Т.Кулатов» (Ош электр тармактар ишканасы);

«Кожомкул» (Чүй электр тармактар ишканасы),

«Байтик» (Чүй электр тармактар ишканасы),

«Үч-Чоку» (Ысык-Көл электр тармактар ишканасы).

14. 2025-жылы 279 даана 10/0,4 Киловольт (кВ) кошумча трансформаторлор орнотулду:

15. 2025-жылы 366 даана 10/0,4 киловольт (кВ) трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:

16- Темир бетон мамыча. 2025-жылы Республика боюнча жалпы 18,1 миң даана жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды;

17- СИП. Жалпы 660 км. чакырым электр берүү линиялары СИП-2 маркасындагы изоляцияланган зымдарга алмаштырылды.

18. АСКУЭ. 2025-жылы 500,1 миң даана «акылдуу эсептегичтер» орнотулду.

19. «CASA-1000» долбоору 2025-жылдын март айында толук аяктады. Чубалгы бардык техникалык талаптарга ылайык сыноодон өткөрүлүп, эксплуатациялоого даяр болду. Бул ири курулуш иши Кыргызстандын энергетикалык системасын чыңдоого, регион аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана келечекте экспорт көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

20.2025-жылдын 29-30-июнунда энергетика министри Т.Ибраевдин демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин энергетика адистеринин арасында (ТМУ) "2025-жылдын мыкты бөлүштүрүүчү электр бригадасы" аталышындагы кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мындан тышкар 2025-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Стамбул шаарына иш сапары менен барып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттеринин энергетика министрлеринин 5-жыйынына катышты.