«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун май майрамдары менен куттуктоосу

30 Апрель 2024 ж.

Урматтуу мекендештер!

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана жалпы жааматтын атынан  сиздерди май майрамдары менен чын жүрөктөн  куттуктайм!

1-май Эмгек күнү - бул жаздын жана эмгектин майрамы дүйнөнүн 142 өлкөсүндө белгиленет. Күнүмдүк эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн алдыга жылдырып, элдин бакубаттуулугунун өсүшүнө салым кошуп жаткан бардык кыргызстандыктарды куттуктайбыз.

5-май – өлкөнүн негизги мыйзамы, укуктарыбыздын жана эркиндигибиздин кепили болгон Конституция күнү.

9-май Жеңиш күнү, быйыл Жеңишке 79 жыл (1941-1945) толот. Бул тарыхтын маанилүү учуру, аны биз ыйык тутуп, сыймыктанабыз.

Сиздерге жана жакындарыңызга бакыт, ден - соолук, жана бардык жакшылыктарды каалайм.

 

Урматтоо менен,

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын                    

 Башкы директору                                                                                              

А. Д. Рысбеков