"КУЭТ" ААКсы 2025-жылы 6 көмөк чордондорду  куруу боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда
                27 Март 2025 ж.
                Капиталдык курулуш планынын алкагында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2025-жылы республика боюнча  алты 110 кВ жана 35 кВ көмөк чордондорду куруу боюнча иштерди компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү пландаштырууда.
- Бишкек шаарындагы "Алтын-Казык" 110/10 кВ көмөк чордонуна 2-кезек куруу;
 
- Жалал-Абад облусунда 110/35/10 кВ "Дача" көмөк чордонун куруу;
 
- Баткен облусунда 110/35/10 кВ "Промышленная" көмөк чордонун куруу;
 
- Нарын облусунда 110/35/10 кВ "Кур Терек" көмөк чордонун куруу;
 
- Нарын облусунда 35/10 кВ "Талды-Суу" көмөк чордонун куруу;
 
- Ош облусунда 35 кВ "Абшыр" көмөк чордонун курулушу.
 
Ошондой эле жыгач тирөөчтөрүн  темир-бетон тирөөчтөргө алмаштыруу,  эскирген зымдарды 10 кВ чыңалуудагы 178 чакырым жана 0, 4 кВ чыңалуудагы 410 чакырым  СИП маркасындагы өзүн-өзү көтөрүүчү зымга өткөрүү пландаштырылууда.