Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, 2025-жылга карата капиталдык курулуш планынын алкагында компаниянын өз каражаттарынын эсебинен 5 жаңы райондук электр тармактарынын (РЭТ) административдик имараттарын куруу пландалган.
Бул РЭТ имараттарын куруу жана пайдаланууга берүү ушул жылдын аягына чейин күтүлүүдө, алар:
· Нарын РЭТтин административдик имараты;
· Ат-Башы РЭТтин административдик имараты;
· Жумгал РЭТтин административдик имараты;
· Чаткал РЭТтин административдик имараты;
· Майлуу-Суу РЭТтин административдик имараты.
Курулуп жаткан административдик имараттар заманбап диспетчердик жана дистанциялык борборлор менен жабдылып, абоненттерге жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү үчүн электр энергиясын эсепке алуудагы санариптик технологияларды колдонушат жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын тармагына толук аймактык байланышта болот. Мындан тышкары, абоненттер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттар менен электрондук кезек тутуму бар "Бирдиктүү терезе" кызмат көрсөтүү борборлору жаңыланып иштейт.