Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК өлкө боюнча көмөк чордондорду модернизациялоо боюнча ири улуттук программаны ишке ашырууда

4 Сентябрь 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2025-жылдын аягына чейин жалпы өлкө боюнча 10/0,4 кВ чыңалуудагы 648 көмөк чордонунда күч трансформаторлорун орнотуу жана алардын кубаттуулугун жогорулатуу иштерин жүргүзөт.

Жалпы иштердин көлөмүнөн:

281 даана күч трансформатору «Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында орнотулат. Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ишке ашырып, ал Эл аралык өнүгүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцариянын Экономика мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланууда;

Калган 367 даана күч трансформатору «КУЭТ» ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен орнотулат.

Бул иштер өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Региондук электр тармактары боюнча орнотуу жана жабдууларды модернизациялоо төмөнкүдөй көлөмдө пландалган:

Бишкек РЭТ — 69 трансформатор

Баткен РЭТ — 97 трансформатор

Жалал-Абад РЭТ — 113 трансформатор

 Ысык-Көл РЭТ — 61 трансформатор

 Нарын РЭТ — 77 трансформатор

 Ош РЭТ — 118 трансформатор

 Талас РЭТ — 36 трансформатор

 Чүй РЭТ — 77 трансформатор

Программанын негизги максаты — электр энергиясын жеткирүүдө ишенимдүүлүктү жогорулатуу жана керектөө өсүп жаткан шартта, айрыкча күз-кыш мезгилинде, иштеп жаткан электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу. Жабдууларды жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу иштери калк үчүн да, өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн да электр энергиясынын сапатын кыйла жакшыртууга шарт түзөт.

«КУЭТ» ААК өлкөнүн энергетикалык системасындагы негизги элементтерди жаңыртуу жана модернизациялоо боюнча пландык жана системалуу иштерди улантып, заманбап, туруктуу жана натыйжалуу энергетикалык инфраструктураны түзүүгө багытталган аракеттерди көрүп келет.