Курорттук-туристтик сезон маалында электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактары ишканасында мобилдик бригадасынын кеңири машыгуулары уланууда.
Бул машыгуулар ААК “КУЭТ”нын башкы директору Алтынбек Рысбековдун тапшырмасынын негизинде уюштурулган.
Машыгуу маалында мобилдик бригадалар энергетикалык объекттерди капиталдык куруу, ошондой эле учурдагы жана алдын алуу оңдоолорун жүргүзүү иштерин аткарышууда. Айрыкча ар кайсы аймактардан келген адистердин ортосунда тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул бир жагынан, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатса, экинчи жагынан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу камсыздоого жана туристтер менен эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Энергетикалык системанын ишенимдүү иштеши – Ысык-Көл курорттук аймагындагы мейманканалардын, пансионаттардын жана инфраструктура объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн өзгөчө маанилүү.
Машыгуулардын практикалык бөлүгүнүн алкагында, учурда Орукту жана Орто Орукту айылдарында 129 эски жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды. Тамчы айылында кубаттуулугу 400 кВА болгон эски күч трансформатору 630 кВА жаңы трансформаторго алмаштырылып, трансформатордук шкаф да жаңыланды. Ошондой эле 1,1 чакырымдык кабелдик линия тартылды. Бул иш-аракеттер Тамчы жана Чок-Тал айылдарынын электр менен камсыздалышынын сапатын кыйла жакшыртты.
Машыгуулар 2025-жылдын 15-июнунда башталган жана 30-августка чейин уланат. Бекитилген графикке ылайык, машыгууларга Бишкек шаарынын, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мобилдик бригадалары кезек менен катышып жатышат.