Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди келе жаткан 1-май — Эмгек жана жаз майрамы, 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү жана 9-май — Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Бул майрамдар эмгекке болгон урматты, жарандык ынтымакты жана ата-бабаларыбыздын эрдигине болгон таазимди туюнтат. Бул — тынчтыкты, биримдикти жана үмүттү сыйлаган өзгөчө күндөр.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы сиздерге бекем ден соолук, токчулук, ынтымак жана ийгиликтерди каалайт.
Майрам күндөрү энергетиктер өлкө боюнча туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштешет.
Майрамдар ар бир үй-бүлөгө кубаныч, тынчтык жана жылуу маанай тартууласын!