«КУЭТ» ААК акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун 24-жылдын 18-декабрында өткөрүү жөнүндө билдирет
                22 Ноябрь 2024 ж.
                «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирет. Чогулуш  2024-жылдын 18-декабрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326 дарегинде өтөт. Өткөрүү формасы: бетме-бет. 
КҮН ТАРТИБИ:
- Санак комиссиясынын курамын бекитүү.
 
- Коомдун жөнөкөй аталыштагы акцияларынын санын көбөйтүү жана Уставдык капиталын жогорулатуу.
 
- Коомдун кошумча жөнөкөй аталыштагы акцияларынын жабык жайгаштыруусу тууралуу. Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №661 токтомуна ылайык, «Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорун каржылык калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине акцияларды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлөт.
 
- Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
 
- Коомдун Ревизиялык комиссиясынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
 
- Коомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
 
- 2024-жылга карата Коомдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
 
- Коомдун Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү.
 
Акционерлерди каттоо убактысы: саат 09:00дөн баштап. 
Акционерлердин тизмеси 2024-жылдын 1-декабрында түзүлөт. 
Чогулуштун материалдары менен Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326, 320-кабинеттен корпоративдик катчынын («КУЭТ»ААК) офисинен таанышсаңыз болот. Байланыш телефону: (312) 90-45-77.