Бишкек шаарындагы беш кабаттуу административдик имараттын чатырына «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК күн панелдерин орнотуп, алар имараттын электр энергиясына болгон муктаждыгынын 30%га чейинки бөлүгүн жабууга мүмкүндүк берүүдө.
Бул имаратта компаниянын административдик кеңселери гана эмес, энергетика тармагындагы бир нече мекемелер, анын ичинде Энергетика министрлиги, «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААК, «Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы» ААК жана башкалар жайгашкан. Күн панелдери орнотулгандан бери имараттын электр тармагынан керектеген электр энергия көлөмү туруктуу түрдө кыскарып келет. Айрыкча жай мезгилинде электр энергия керектөөнүн 30%га чейинки бөлүгү күн панелдери аркылуу камсыздалат, ал эми жылдык эсеп боюнча бул көрсөткүч 15%дан 30%га чейин жетет.
Күн панелдерин орнотуу — бул бир жолку иш-чара эмес, энергетика тармагына заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүүнүн системалуу багыты болуп саналат. Мындай демилгелер кеңейтилип, учурда республика боюнча 6 электр тармактар ишканасында жана райондук электр тармактарынын административдик имараттарында орнотулган. Мындан ары да компаниянын жаңы курулуп жаткан административдик имараттарына ушундай системаларды орнотуу каралууда.
Эске салсак, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК имаратынын чатырына күн панелдери 2024-жылы орнотулган жана ошол убактан бери жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп келет. Бул жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү Кыргызстандын энергетикалык келечеги үчүн маанилүү экенин дагы бир ирет тастыктайт.