Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан УЭТ» ААК жана «Сетевая компания» АК (Татарстан) чыңалуу алдында иштөө чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүдө

6 Февраль 2026 ж.

2026-жылдын 5-февралында «Кыргызстан УЭТ» ААКда «Сетевая компания» АК (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) тарабынан кызматташуу жана акысыз техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында берилген, чыңалуу алдында иштерди аткарууга багытталган жеке коргонуу каражаттарынын эки комплектин салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Тапшыруу аземине «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору И.М. Сыдыгалиев, башкы директордун орун басары И.У. Адиев жана «Сетевая компания» АКнын башкы директорунун КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча орун басары А.Р. Калиев катышты.

Бул жардам Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Сетевая компания» АКнын ортосундагы 2025-жылдын 4-сентябрындагы жолугушуунун протоколуна (Бишкек ш.), ошондой эле 2025-жылдын 30-майындагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык ишке ашырылып жаткан эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүүсүнүн практикалык жыйынтыгы болуп саналат.

Буга чейин, көрсөтүлгөн техникалык жардамдын алкагында «Сетевая компания» АК «Кыргызстан УЭТ» ААКнын кызматкерлери үчүн атайын окутууну уюштурууну камсыздаган. 2025-жылдын 1-декабрынан 18-декабрына чейин компаниянын 11 кызматкери «Чыңалуу алдындагы иштер борборунда» (Заинск ш., Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) чыңалуу алдында иштерди аткаруу боюнча профилдик даярдыктан өтүшүп, окуунун жыйынтыгы менен алардын квалификациясын жана чыңалуу алдында иштерди аткарууга уруксатын тастыктаган белгиленген үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушкан.

Көрсөтүлгөн акысыз техникалык жардамдын болжолдуу баасы, кызматкерлерди окутууну жана берилген жеке коргонуу каражаттарын кошкондо, болжол менен 3 млн орус рублын түзөт.

Өткөрүлүп берилген жеке коргонуу каражаттары жана алынган компетенциялар чыңалуу алдында иштерди аткаруунун заманбап технологияларын системалуу түрдө ишке киргизүү, электр тармактык инфраструктуранын иштөө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана «Кыргызстан УЭТ» ААКнын кызматкерлеринин эмгек коопсуздугунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн практикалык негиз түзөт.

«Кыргызстан УЭТ» ААК көрсөтүлгөн акысыз техникалык жардам, анын ичинде кызматкерлерди окутуу жана жеке коргонуу каражаттарын бергендиги үчүн «Сетевая компания» АКга терең ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын электр тармактык комплексинин объектилеринде чыңалуу алдында иштөө технологияларын андан ары этап-этабы менен ишке киргизүүнү камсыз кылуу ниетин ортого салды. Буга байланыштуу, «Кыргызстан УЭТ» ААК компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө чыңалуу алдында иштөө технологияларын практикалык ишке ашырууга жана туруктуу колдонууга багытталган бардык зарыл болгон уюштуруучулук, техникалык жана кадрдык чаралардын кабыл алынышын камсыздайт.