Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКсы 2025-жылга карата капиталдык курулуш планынын алкагында электр тармак инфраструктурасын жаңылоо боюнча ири иштерди жыйынтыктады

21 Октябрь 2025 ж.

2025-жылга карата капиталдык курулуш планына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы  көмөк чордондордо жана трансформатордук пункттарда жабдууларды модернизациялоо боюнча ири иштерди ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Бул иш-аракеттердин негизги максаты — электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү берүү, жоготууларды азайтуу жана энергетикалык тармактын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Трансформаторлорду ири көлөмдө алмаштыруу

Энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында 498 даана трансформатор комплекттүү жана шаардык комплекттүү трансформатордук көмөк чордондордо жаңыларына алмаштырылды.

70 көмөк чордондо жабдуулар жаңыртылды

Электр тармактарын модернизациялоо алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

  • 110 кВ кубаттуу трансформаторлордун 43 даана киргизүүчү изолятору RIP изоляциясы бар герметикалык түрдөгү жабдууларга алмаштырылды;
  • 110 кВ РВС түрүндөгү эскирген дүрмөтсүздөгүчтөрдүн 79 даанасы заманбап ОПН 110 кВ чектегичтерине алмаштырылды.

Жаңы көмөк чордондор — региондорду туруктуу камсыздоо үчүн

Региондордогу керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр менен камсыз кылуу жана сапатын жакшыртуу максатында төмөнкү эки жаңы 110 кВ көмөк чордон ишке берилди:

  • «Мурас» көмөк чордон (110/10 кВ, кубаттуулугу 40 МВА) — Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат;
  • «Суу-Башы» көмөк чордон (110/35/10 кВ, кубаттуулугу 6,3 МВА) — Баткен шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Аяктоо баскычында— «Талды-Суу» көмөк чордону

Нарын облусунда 35/10 кВ жаңы «Талды-Суу» көмөк чордонунун курулушу аяктоо этабында турат. Бул объект Өзгөрүш, Талды-Суу, 1-Май айыл аймактарын жана жакынкы калктуу конуштарды туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Энергиялык коопсуз келечекке карай ишенимдүү кадам

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы мындан ары да өлкөнүн электр тармак инфраструктурасын жаңыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантат. Максат — энергетикалык системанын ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу.