Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК юридикалык жактар үчүн «Мой свет бизнес» мобилдик тиркемесин ишке киргизди

14 Август 2026 ж.

Баланс, көрсөткүчтөр жана төлөмдөр — бир тиркемеде!

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2026-жылдын июль айынан тарта юридикалык жактар жана бизнес-абоненттер үчүн атайын иштелип чыккан расмий «Мой свет бизнес» мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Жаны санариптик сервис компанияларга электр менен камсыздоо боюнча маалыматты ыкчам алууга жана негизги операцияларды онлайн режимде — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кеңселерине барбастан башкарууга мүмкүндүк берет.

Тиркемеде эмнелер жеткиликтүү?

«Мой свет бизнес» тиркемесинин жардамы менен юридикалык жактар каалаган жерден онлайн түрдө:

·         Электр энергиясы үчүн балансты жана эсептөөлөрдүн тарыхын текшере алышат;

·         Эсептөө шаймандарынын (эсептегичтин) көрсөткүчтөрүн жөнөтө алышат;

·         Электр энергиясына болгон эсептерди төлөй алышат;

·         Квитанцияларды көрүп жана көчүрүп ала алышат;

·         Карыздар тууралуу ыкчам билдирүүлөрдү ала алышат.

Бул бизнес үчүн чыгымдарды ыңгайлуу контролдоо, маалыматтарды өз убагында өткөрүү жана энергетикалык компания менен ыкчам өз ара аракеттенүү үчүн эң сонун курал болуп саналат.

Сервис кайсы аймактарда иштейт?

Bүгүнкү күндө тиркеме төмөнкү аймактардагы турмуш-тиричилик эмес (юридикалык) абоненттер үчүн жеткиликтүү:

·         Бишкек шаары

·         Чүй облусу

·         Ысык-Көл облусу

·         Нарын облусу

«Мой свет бизнес» тиркемесин ишке киргизүү — бул «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын санариптик сервистерди өнүктүрүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча масштабдуу иштеринин бир бөлүгү. Ашыкча баруулар менен чалуулар азаят — балансты, көрсөткүчтөрдү, төлөмдөрдү жана карыздарды өз алдынча ыңгайлуу көзөмөлдөө көбөйөт!

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК — керектөөчүлөргө жакыныраак.

📲 «Мой свет бизнес» тиркемесин App Store жана Google Play’ден көчүрүп алыңыздар жана электр менен камсыздоо маселелерин ыңгайлуу санариптик форматта башкарыңыздар.

💡 Эскерте кетсек: тиричилик абоненттери (жеке жактар) үчүн «Мой свет» мобилдик тиркемеси да иштеп жатат.

📞 Биз дайыма байланыштабыз:

Колл-борбор: 105