Капиталдык курулуш планынын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы жаңы энергетикалык объектилерди куруу боюнча ири иштерди ашырууда. 2025-жылдын аягына чейин компаниянын өз каражаттарынын эсебинен 110 кВ жана 35 кВ чыңалууга ээ болгон алты көмөк чордондордун курулушу бүткөрүлүшү пландалууда.
Курулуп жаткан объектилер:
• Бишкек шаарындагы “Алтын-Казык” 110/10 кВ көмөк чордонуна 2-кезек куруу;
• Жалал-Абад облусунда 110/35/10 кВ “Дача” көмөк чордонун куруу;
• Баткен облусунда 110/35/10 кВ “Промышленная” көмөк чордонун куруу;
• Нарын облусунда 110/35/10 кВ “Кур Терек” көмөк чордонун куруу;
• Нарын облусунда 35/10 кВ “Талды-Суу” көмөк чордонун куруу;
• Ош облусунда 35 кВ “Абшыр” көмөк чордонун курулушу.
Кошумча:
• «Үч чокусу» долбоорунун алкагында Жыргалан өрөөнүндө тиешелүү инфраструктура курулушун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 35/10 кВ көмөк чордону курулууда.
• Ошондой эле Бишкек шаарында 110/35/10 кВ «Мурас» көмөк чордонунун курулушу уланууда.