Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кышка даярдыктын алкагында 902 чакырымдан ашык СИП-кабелине монтаж жүргүзөт

23 Июль 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК («КУЭТ» ААК) күз-кыш мезгилине даярдануу максатында өзүн көтөрүүчү обочолонгон зымдарды (СИП) колдонуу менен аба чубалгыларын активдүү реконструкциялоодо.

2026-жылы компания боюнча түрдүү чыңалуудагы чыңалуу классындагы жалпысынан 902 км СИП-кабелин монтаждоо пландаштырылган. Ыкчам маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнгө карата энергетиктер 406,02 км кабелди монтаждап бүтүшту.

Аткарылган иштердин жүрүшү (жыйынтыктоочу маалыматтар):

·         СИП-2 (0,4 кВ): 153,8 км монтаждалды;

·         СИП-3 (6/10 кВ): 176,3 км монтаждалды;

·         МАР линиясы боюнча 6/10 кВ кабели: 76,1 км монтаждалды.

СИП технологиясынын артыкчылыктары:

СИП-кабелдерин колдонуу авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин бир кыйла азайтат, зымдардын бири-бирине тийишип кетишинен жана бак-дарактардын шактары түшкөндө пайда болчу кыска чыңалууларды (короткое замыкание) болтурбайт, электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын алдын алат жана калк үчүн жогорку коопсуздукту камсыз кылат.

Иштер бекитилген графикке ылайык так улантылууда.