«КУЭТ» ААКнын филиалдарынын административдик имараттарында жарыкты автоматтык түрдө башкаруу системалары орнотулууда. Бул демилгенин максаты — электр энергиясын үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу.
Жабдуулар кеңсе имараттарынын коридорлоруна, ошондой эле кабаттар ортосундагы өтмөк аянтчаларга орнотулууда. Система кыймылдын болушуна жана табигый жарыктын деңгээлине жараша жарык берүүчү жабдуулардын ишин автоматтык түрдө жөнгө салат.
Эгер коридордо эч ким болбосо, жарык өзүнөн өзү өчөт. Кыймыл байкалганда — жарык автоматтык түрдө күйөт. Эгерде табигый жарык жетиштүү болсо, жарыктандыруу кошулбайт — бул керексиз электр энергия сарптоону алдын алат.
Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай системаларды орнотуу электр энергиясын керектөөнү бир топ кыскартат. Мисалы, «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактар ишканасында үч кабаттуу кеңсе имаратынын коридорлоруна жабдуулар орнотулуп, жыйынтыгында электр энергиясын жылдык керектөө 27 %га азайган. Датчиктер орнотулганга чейин жылдык керектөө 24 000 кВт⋅с түзсө, автоматташтырылган система орнотулгандан кийин бул көрсөткүч 17 500 кВт⋅с болгон.
Мындай иштер компаниянын башка филиалдарында да башталган. Айрыкча бул технологиялар жаңы курулуп жаткан мекеменин административдик имараттарында, колдонулууда.
Бардык кеңселерди жана мекемелерди кыймыл-датчиктерди жана заманбап жарыктандыруу системаларын колдонууга чакырабыз. Бул – кыска убакытта өзүн актаган, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзгөн технологиялар.
Ресурстарды үнөмдүү пайдалануу — туруктуу келечекке кошкон ар бирибиздин салымыбыз!