Бүгүн, 2025-жылдын 28-июлунда, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жетекчилиги Тажикстандын энергетикалык компаниялары — «Шабакахои интиқоли барқ» жана «Шабакахои тақсимоти барқ» ААКтарынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара тажрыйба алмашуу жана энергетика тармагындагы санариптик трансформацияны илгерилетүү максатында уюштурулду. Акыркы жылдары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК санариптештирүү багытында бир катар маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды. Алардын катарында «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу, «Мой свет» мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу, квитанцияларды онлайн жөнөтүү жана төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул аракеттер керектөөчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап кызмат көрсөтүү шарттарын түзүүгө багытталган.
«Санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу — бул сыймыктуу миссия гана эмес, өз ара өнүгүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк. Биз өзүбүздүн жетишкендиктерибиз менен бөлүшүүгө да, кесиптештерибиздин пайдалуу тажрыйбасын кабыл алууга да даярбыз, — деп белгиледи «КУЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков.
Тажикстандык адистер да энергетикадагы санариптик чечимдер боюнча өз ыкмалары менен бөлүшүп, мындан аркы кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Иш сапарынын алкагында «КУЭТ» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек делегацияга Энергосбыт, Call-борбор жана компаниянын башка негизги объектилерин көрсөтүп, керектөөчүлөр менен иштөөдө колдонулуп жаткан санариптик чечимдер жана ыкмалар менен жеринде тааныштырды.