Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди даярдоодо

11 Июнь 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында комплексдүү даярдоо иштерин жүргүзүп жатат.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында капиталдык оңдоо иштери аткарылды:

·         35–500 кВ чыңалуудагы 91 көмөк чордондордун жабдууларында;

·         6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1029 трансформатордук көмөк чордондордо;

·         354 чакырым   35–500 кВ аба чубалгыларында;

·         1 198 чакырым   10–0,4 кВ аба чубалгыларында.

Ошондой эле учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү:

·         298 көмөк чордондордун жабдууларында (35–500 кВ);

·         8 623 трансформатордук көмөк чордондордо (6–10/0,4 кВ);

·         2 873 чакырым   аба чубалгыларында (35–500 кВ);

·         16 571 чакырым   аба чубалгыларында (10–0,4 кВ).

Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө.

Бул аракеттер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууну жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтууну көздөйт.