Колл - борбор: 105; 1209

Баткен жана Нарын электр тармактар ишканаларынын жаңы дайындалган жетекчилери эмгек жамаатка тааныштырылды

5 Декабрь 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 4-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары Баткен жана Нарын электр тармактар ишканаларынын жаңы жетекчилери эмгек жамаатка тааныштырылды.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев чыгарган буйрукка ылайык, Мамадалиев Нурлан Заттарбекович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды.

Мамадалиев Нурлан Заттарбекович буга чейин Баткен электр тармактар ишканасынын директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев чыгарган дагы бир буйругуна ылайык.


Балкыбеков Тилек Жеткинбекович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды.
Балкыбеков Тилек Жеткинбекович буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын Кочкор райондук электр тармагынын башчысы болуп эмгектенген.


Жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатка "Кыргызстан УЭТ" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Матаев Шамиль Нурбекович жана башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу таныштырды.

 
"КУЭТ" ААКнын жетекчилиги жаңы дайындалган жетекчилердин ишине ийгилик каалап, калкты электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууну тапшырып, бир катар милдеттерди койду.