Колл - борбор: 105;

Ош электр тармактары ишканасында 2027-жылга мерчемделген планга ылайык жаңы долбоордун үстүндө иш алып баруу маселелери талкууланды

23 Сентябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун энергетикалык инфраструктураны жаңылоо, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды киргизүү боюнча тапшырмаларынын алкагында «Ош электр тармактары» ишканасында 2027-жылга карата пландын негизинде жаңы долбоордун үстүндө иш алып баруу маселелери талкууланды.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында компаниянын филиалы — Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилери жана райондук электр тармактарынын башчылары менен жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Келечектеги пландар жана заманбап технологиялар:

  • Жаңы ыкмалар: Жыйында 2027-жылга мерчемделген пландарды ишке ашырууда эски ыкмалардан акырындык менен баш тартып, заманбап жана натыйжалуу технологияларды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
  • Акылдуу эсептегичтер: Белгилей кетсек, 2026-жылы Ош облусун толугу менен акылдуу электр эсептегичтер менен камсыз кылуу пландалууда.
  • Инфраструктураны жаңылоо: Жыйынтыгында иштөө мөөнөтү аяктаган электр объекттерин этап-этабы менен жаңылоо, заманбап жабдууларды киргизүү жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу белгиленди.

Алдыдагы күз-кыш мезгилин ишенимдүү өткөрүү үчүн ишканада оңдоо, техникалык тейлөө жана авариялардын алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда. Жыйындын соңунда даярдыктардын аткарылышын жеринде көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.

«Төлөйкөн» көмөк чордонунда кубаттуулук жогорулатылды

Иш сапардын жүрүшүндө «КУЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев «Ош электр тармактары» ишканасына караштуу 110/35/10 кВ чыңалуудагы «Төлөйкөн» көмөк чордонунун абалы менен да таанышты.

Ош шаарында электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу аталган көмөк чордондо масштабдуу жаңылоо иштери жүргүзүлдү. «КУЭТ» ААКнын каржылоосу менен Кытайдан алып келинген 40 000 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор буга чейин иштеп келген 25 000 кВА трансформатордун ордуна ийгиликтүү орнотулду.

Негизги артыкчылыктары:

  • Жүктү натыйжалуу бөлүштүрүү: Шаардын өсүп жаткан керектөөсүнө жараша электр тармактарынын жүктөмү тең салмактанат.
  • Өткөрүмдүүлүктү жогорулатуу: Көмөк чордондун кубаттуулугу арттырылып, ишенимдүүлүгү күчөтүлдү.
  • Туруктуу камсыздоо: Жаңы Ош базары, «Эне-Сай» турак жай комплекси жана башка жаңы көп кабаттуу үйлөр менен социалдык объектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзүлөт.

Башкы директор жабдуулардын техникалык абалын, жасалган иштердин сапатын жана алдыда келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдыкты катуу көзөмөлгө алды. «Төлөйкөн» көмөк чордонун модернизациялоо иштери өлкөнүн энерготутумун чыңдоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.