Колл - борбор: 105;

КР Энергетика министрлиги: Электр тармактарынын атайын техника паркы жаңыланды

28 Июль 2026 ж.

     Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкө тургундарын жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны системдүү түрдө чыңдоону улантууда. Бул багытта электр тармактарынын атайын техника паркы заманбап техникалар менен толукталууда.

2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары үчүн алынган жалпы суммасы 50,8 млн сомду түзгөн 8 даана кран-манипулятордун жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаанын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Иш-чарада министр техникалык паркты жаңылоо энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн арттырууда, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүдө жана энергетиктер үчүн коопсуз, заманбап эмгек шарттарын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Министр белгилегендей, атайын техникаларды жаңылоо электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.