Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын башкы директору Борбордук Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин 40-жыйынына катышты

26 Октябрь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын  башкы директору Алтынбек Рысбеков 2023-жылдын 26-октябрында Самарканд шаарында (Өзбекстан) өткөн Борбордук Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин 40-жыйынына катышты.

Энергетиктердин жыйынынын күн тартибинде 2023-жылдын вегетация мезгилинде суу ресурстарын башкаруу, энергетикалык дефицитти  жана ири аварияларды болтурбоо, кызматташуунун перспективдүү пландары, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары маселелери каралды. Ошондой эле диспетчердик графикти сактоо, диспетчерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу, энергетика тармагынын адистеринин арасында окутууларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: Борбордук Азиянын Координациялык электр энергетикалык кеңешинин  энергетикалык системаларынын биргелешкен ишин координациялоо, отун-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну камсыздоо жана энергетика тармагындагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат.