2025-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында “Аймактык электр тармактары” ААКнын окуу полигонунда «2025-жылдын Таркатуучу электр тармактарынын эң мыкты бригадасы» аттуу эл аралык кесиптик чеберчилик мелдеши болуп өттү.
Мелдешке Өзбекстан, Кыргызстан, Татарстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Тажикстандан келген мыкты электр эпкерлеринин командалары катышышты.
Иш-чаранын максаты — таркатуучу электр тармактарынын адистеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, коопсуз иш алып баруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, өлкөлөр аралык тажрыйба алмашуу жана электр эпкер кесибин жайылтуу болуп саналат.
Кыргызстандын намысын бул мелдеште «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын командасы коргоп, жогорку даярдыгын, кесипкөйлүгүн жана биримдигин көрсөтө алды. Жыйынтыктын негизинде кыргызстандык команда экинчи орунду ээледи.
Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар бир катар татаал жана жооптуу тапшырмаларды аткарышты: трансформатордук будкалардагы шарттуу өрттү өчүрүү, электр берүү чубалгыларынын мамыларына чыгуу, “жабыркагандарды” эвакуациялоо жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле машыгууларда ыкчамдык жана тактык боюнча көндүмдөрүн көрсөтүү болду. Бардык этаптар калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн көзөмөлүндө өтүп, командалардан техникалык билим гана эмес, чыдамкайлык, тактык жана ылдамдык талап кылынды.
Жеңүүчүлөрдүн жыйынтык таблицасы:
* 1-орун — «Аймактык электр тармактары» ААК (Өзбекстан)
* 2-орун — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК (Кыргызстан)
* 2-орун — Татарстан
* 3-орун —Казакстан
Бишкекке кайтып келгенден кийин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын командасын компаниянын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев салтанаттуу түрдө кабыл алды. Ал катышуучуларды татыктуу жетишкендиги менен куттуктап, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу тааныткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана эскерүү белектерин тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө башкы директор мындай иш-чаралар тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн, адистерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандырарын жана Кыргызстандын энергетикасынын аброюн чыңдоого салым кошорун белгиледи. Ал командага мындан аркы ийгиликтерди, өз күчүнө ишеничти жана жаңы жеңиштерди каалады.