Колл - борбор: 105;

«КУЭТ» ААКтын Окуу борборуна жаңы директор дайындалды

16 Октябрь 2026 ж.

Бүгүн, 2026-жылдын 16-октябрында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Окуу борборунун эмгек жамаатына жаңы директор Алмазбек Эсенкелдиевич Урусалиев тааныштырылды.

Алмазбек Урусалиев 1993-жылы Ош жогорку технологиялык колледжин «Жалпы техникалык дисциплиналар мугалими» адистиги боюнча аяктаган.

Окуу борбору энергетика тармагы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо, кызматкерлерди кайра даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт. Аталган борбордо энергетиктер билимин тереңдетип, энергетикалык объекттерди ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп турушат.

Квалификациялуу адистерди таптоо, окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу — Окуу борборунун ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын коллективи Алмазбек Эсенкелдиевичке жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди, үзүрлүү эмгекти жана чоң жетишкендиктерди каалайт.