Колл - борбор: 105;

Баткен шаарында жана Баткен районуна жакын бир катар райондордо селдин кесепетинен электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады

22 Июнь 2026 ж.

2026-жылдын 22-июнунда Баткен районунда катталган селдин кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имаратына жана 110/35/6 кВ «Баткен» көмөк чордонунун аймагына сел суулары кирди. Аталган кырдаалдын натыйжасында Баткен шаарында жана Баткен районуна жакын бир катар райондордо электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Учурда Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, аймакты тазалоо жана электр жабдууларын калыбына келтирүү боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Авариялык-оңдоо бригадалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, электр энергиясын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу максатында кошумча күчтөр жана техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Урматтуу тургундар! Коопсуздук максатында сел каптаган аймактардагы электр жабдууларына жакындабооңуздарды өтүнөбүз.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалыматтар берилет.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо 105 кыска номерине кайрылсаңыз болот.