«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна келип, «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле окуу борборунун чыңалуу алдында иштөө боюнча окуу полигонун көрүп, Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын бөлүм жана кызмат жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
«Ала-Тоо Резорт» комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштери уланууда.
Учурда 2026-жылдын 1-декабрында ачылышы пландалган асма жолдорду электр энергиясы менен камсыздоо үчүн зарыл болгон иштер аткарылууда.
Иш сапардын жүрүшүндө башкы директор 10 жана 0,4 кВ чыңалуудагы кабелдик зымдарын тартуу иштерин жана трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга даярдыкты жеринен көрүп чыкты. Бүгүнкү күнгө карата 2 чакырымга жакын траншея казылып, анын 1,7 чакырымдай бөлүгүнө 10 кВ чыңалуудагы кабель тартылды.
Долбоордун алкагында асма жол станцияларын жана кар көчкүгө каршы станцияны электр энергиясы менен камсыздоо үчүн үч трансформатордук көмөкчордон орнотуу каралган.
Мындан тышкары, лыжа тебүү трассалары менен кабелдик зымдары кесилишкен жерлерге байланыштуу кабелдердин багытын өзгөртүү жана долбоорлонуп жаткан 110/35/10 кВ көмөкчордонду курулуп жаткан шаарчанын аймагынан тышкары жайгаштыруу маселелери талкууланды.
Жумуштардын жүрүшү менен таанышкандан кийин Ильгиз Сыдыгалиев иштин темпин тездетүү, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо боюнча тапшырмаларды берди. Графикке ылайык, аталган объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо боюнча негизги иштерди 13-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.
Күз-кыш мезгилине даярдык маселеси да каралды.
Башкы директор Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын бөлүм жана кызмат жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун аткарылышы, белгиленген мөөнөттөр жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселелери талкууланды.
Ильгиз Сыдыгалиев энергетикалык объектилердин техникалык абалын көзөмөлдөөнү күчөтүп, даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берди. Негизги максат — кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу.
Иш сапардын алкагында башкы директор Каракол шаарында ачыла турган Окуу борборунун чыңалуу алдында иштөө боюнча жабык окуу полигону (РПН) менен да таанышты. Бул жерде энергетиктер электр жабдууларын чыңалуудан ажыратпастан иштөө боюнча практикалык даярдыктан өтүп, зарыл болгон кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.
«КУЭТ» ААК тарабынан «Ала-Тоо Резорт» комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул туристтик комплекстин объектилерин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн маанилүү.