Колл - борбор: 105;

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы энергообъектилерди текшерди

2 Июль 2026 ж.

2026-жыл - Кыргызстан үчүн жемиштүү жылдардын бири болору шексиз. Себеби, быйыл сентябрь айында мамлекеттик деңгээлдеги эки чоң иш-чара өтөөрү күтүлүүдө. Алардын бири кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын дүйнөгө тааныта турган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болсо, бири Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги жыйыны.

Энергетика министрлигинин койгон тапшырмасына ылайык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК бир катар энергообъектилерде жаңылоо, кошумча күч трансформаторлорун орнотуу, жаңы аба чубалгыларын куруу иштерин жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштери жүрүп жаткан Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы энергообъектилерди "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев текшерди. Алар:

110/10 кВ «Мурас» көмөк чордону:

«Мурас» көмөк чордону шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашып, Орто Азияда биринчи жолу курулуп жаткан, 51 200 көрүүчүгө ылайыкталган, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионун, МИК курган турак жайларды, электр энергиясы менен камсыздайт. Учурда көмөк чордондо: Т-1 40000/10 кВА кубаттуулуктагы трансформатору орнотулуп, 10 кВ жана 110 кВ шина секцияларын монтаждоо иштери бүттү. Бир жума аралыгында толугу менен ишке киргизилет. "Мурас" көмөк чордону ишке берилсе, «Ново-Южная», «Арча-Бешик» жана «Пиковая котельная» көмөк чордондорундагы жүктөмдү азайтып, шаардын түштүк-батыш бөлүгүндөгү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

110/10 кВ “Кыргызская” көмөк чордону:

«Кыргызская» көмөк чордону шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашып, Ынтымак Ордо, мамлекеттик резиденция, Конгресс Холл, кыргыз-түрк “Манас” университетин, Кытай элчилигин жана Чоң-Арык, Орто-Сай айылдарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздайт. Учурда көмөк чордондо:

Т-3 трансформатору орнотулуп, 110 кВ шина секцияларын монтаждоо иштери аяктады, жакынкы күндөрү КРУН-10кВ жабдыктарынын келүүсү күтүлүүдө, жабдык келери менен монтаждоо иштери жүргүзүлүп, көмөк чордондун 3-кезеги толугу менен ишке киргизилет.

110/35/10 кВ “Манас” көмөк чордону:

Сокулук районунун Ак-Жол аймагында жайгашкан 110/35/10 кВ «Манас-2» көмөк чордону эл аралык “Манас” аэропортун, Ак-Жол, Манас, Комсомол, Ат-Башы айылдарын, жаңы курулуп жаткан «Семетей» жаңы конушун электр менен камсыз кылат. Учурда көмөк чордондо:

Кубаттуулугу 40 МВА болгон күч трансформатору орнотулуп, трансформатордун майын куюу жана дегазациялоо иштери да толугу менен аяктады.

«Манас» көмөкчордонунун III кезегинин курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда. Долбоор ишке ашкандан кийин Чүй электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулап, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жана сапаты кыйла жакшырып, аймактын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Башкы директор мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоодо маанилүү деп эсептелген энергообъектилерди текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштеринин жүрүшүнө оң баа берип, бардык иштерди көчмөндөрү оюндары башталганча, коопсуздук эрежелерин сактоо менен сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.