Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Аламүдүн райондук электр тармагын текшерип барды

3 Февраль 2026 ж.

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн райондук электр тармагын,  райондук электр энергия сатуу кызматын, кардарлар менен алып барган Бирдиктүү терезе бөлүмүн,  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын чалуу борборун текшерип барды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө башкы директор эмгек жамаат менен жолугушуп, райондук жетекчилерден акылдуу эсептегичтерди орнотуудан кийинки жыйынтыктар, күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды. Башкы директор Ильгиз Сыдыгалиев кызматкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, тармактагы негизги маселелерге токтолуп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иш алып барууну РЭТ  жетекчилигине тапшырды.

 Андан кийин Чүй электр тармактар ишканасынын Бирдиктүү терезе бөлүмүнө барып, кызматкерлердин иштөө, кардарларды тейлөө шарттары менен таанышты.

 Кийинки мекеме «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын чалуу борбору болду. Чалуу борборундагы операторлордун чалууларды кабыл алып, кардарларды тейлөө иштери менен жакындан таанышып, ар бир абоненттин чалуусу маанилүү экенин, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ыкчам тейлөө керектигин баса белгиледи.

 Чалуу борборундагы иштин ыргагын жакшыртуу боюнча жетекчилигине сунуш пикирлерди берип, маселени тездетип чечүүнү жана керектүү каражат менен камсыздоону тийиштүү жетекчилерге тапшырды.