Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп Ильгиз Сыдыгалиев дайындалды

26 Август 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору

болуп Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович дайындалды.

Жаңы жетекчи компаниянын коллективине директорлор кеңешинин төрагасыз Атантай Турдубаев тарабынан тааныштырылды. Ал бул дайындоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ийгиликтүү иш жүргүзүүнү, келе жаткан күз-кыш мезгилине натыйжалуу даярдык көрүүнү жана компаниянын долбоорлорун мындан ары ишке ашырууну каалады.

Мурда бул кызматты Рысбеков Алтынбек Дурусбекович ээлеп, азыр  Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр энергиясын бөлүштүрүп жана ташыган энергетикалык компания, ошондой эле улуттук энергетикалык системаны борборлоштурулган оперативдик-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашырган системалык оператор болуп саналат.