Колл - борбор: 105;

Энергетика — экономикалык өсүштүн пайдубалы: «КУЭТ ААК» кыргыз-россиялык экономикалык форумга катышты

6 Август 2026 ж.

2026-жылдын 5-7-августунда Кыргыз Республикасында VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы өттү. Ишкердик программанын алкагында «Энергетика — экономикалык өсүштүн пайдубалы» аттуу сессия өтүп, ага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев катышты.

Бүгүнкү күндө энергетика өлкөнүн экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түздөн-түз аныктайт: жаңы өндүрүштөрдү түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү, аймактардын инвестициялык жагымдуулугу жана калктын жашоо сапаты андан көз каранды.

Дал ушул себептен сессиядагы талкуунун борбордук темаларынын бири энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, энергосистемалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана электр энергиясына болгон өсүп жаткан суроо-талапты камсыздоо болду.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-россиялык кызматташтыктын келечегин, энергетикалык объекттерди курууну жана модернизациялоону, энергосистемаларды санариптештирүүнү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүнү, инвестицияларды тартууну жана квалификациялуу кадрларды даярдоону талкуулашты.

Өзгөчө көңүл электр тармактарынын абалына жана аларды ырааттуу түрдө жаңыртуу зарылдыгына бурулду.

«Кыргызстандын электр тармактарынын 70%дан ашыгы 45 жылдан ашык убакыттан бери эксплуатацияланып келет. Бул инфраструктураны системалуу модернизациялоону, өсүп жаткан керектөө шарттарында электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү заманбап технологияларды жана чечимдерди киргизүүнү объективдүү түрдө талап кылат», — деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК үчүн тармактык чарбаны модернизациялоо иштин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Түзмөктөрдү жаңыртуу, көмөкчордондорду жана электр өткөргүч чубалгыларды реконструкциялоо, тармактардын өткөрүмдүүлүк жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап технологияларды киргизүү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн гана эмес, келечектеги экономикалык өсүштүн инфраструктуралык пайдубалын түзүү үчүн да зарыл.

Талкуунун өзүнчө багыты эл аралык жана аймактар аралык кызматташуу болду. Россия тарап генерациялоо, энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана инновациялык чечимдерди киргизүү тармагында олуттуу тажрыйбага жана технологик компетенцияларга ээ, ал эми Кыргызстан гидроэнергетиканы жана башка кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүнүн олуттуу потенциалына ээ.

Сессиянын катышуучулары энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында — долбоорлоодон жана инвестиция тартуудан баштап, объекттерди курууга, модернизациялоого жана эксплуатациялоого чейинки кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Ошондой эле маанилүү тема энергетикалык коопсуздук болду. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү кошумча генерациялоочу кубаттуулуктарды гана эмес, заманбап, туруктуу жана ишенимдүү тармактык инфраструктураны да талап кылат.

«КУЭТ» ААКнын мындай аянтчаларга катышуусу тармактык компаниянын практикалык милдеттерин тааныштырууга, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулоого жана Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасына заманбап чечимдерди киргизүү үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.

Энергетиканы өнүктүрүү — бул өлкөнүн экономикасына куюлган узак мөөнөттүү инвестиция. Ишенимдүү электр тармагы энергия булактарынын, өнөр жайдын, бизнестин жана ар бир керектөөчүнүн ортосундагы бириктирүүчү звено болуп саналат.