Колл - борбор: 105;

Энергетикалык көз карандысыздык жана модернизация: 2026-жылдын негизги долбоорлору

5 Март 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, ошондой эле энергетиктердин иши үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында, 2026-жылы энергетика тармагы активдүү технологиялык жаңылануу фазасына кирет.

Эл аралык финансы институттарынын (ӨӨРБ, ИӨБ, Дүйнөлүк банк, JICA) колдоосу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК бир катар стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга киришет:

1. Ысык-Көл облусунун тармактарын модернизациялоо

  • «Долинка — Речная» долбоору (ӨӨРБ): 110/10 кВ «Долинка» көмөк чордонун модернизациялоо жана 35/10 кВ «Речная» көмөк чордонун 110 кВ чыңалууга өткөрүү менен реконструкциялоо каралган. Бул долбоор Кара-Ой айылындагы жаңы беш жылдыздуу мейманканаларды жана эл аралык маанидеги объекттерди энергия менен камсыз кылат.
  • 220 кВ «Тамга-Каракол» аба чубалгысы (ИӨБ): 220 кВ аба чубалгысын жана жаңы «Тамга» жана «Каракол» көмөк чордондорун курууну камтыйт, бул аймактын энергетикалык шакекчесинин ишенимдүүлүгүн кыйла бекемдейт.

2. 500 кВ «Кемин-Балыкчы» магистралдык линиясы (ӨӨРБ)

Өлкөнүн түндүгүндөгү кубаттуулуктун тартыштыгын жоюу үчүн узундугу 52,7 км болгон 500 кВ аба чубалгысын жана жаңы 500 кВ «Балыкчы» көмөк чордонун куруу боюнча долбоор ишке ашырылууда. Долбоор республиканын энергия коопсуздугун чыңдоого багытталган.

3. Өлкөнүн түштүгүндө КТЭни өнүктүрүү жана инновациялар

  • 220 кВ «Исанова» көмөк чордону (Дүйнөлүк банк): Кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү алкагында Ош облусунда жаңы кубаттуулуктарды тармакка интеграциялоо үчүн 220 кВ «Исанова» (2х200 МВА) көмөк чордону курулууда.
  • Санариптештирүү жана туруктуулук (Дүйнөлүк банк/SECO): «Акылдуу» эсептегичтерди (ЭККӨАЖ/АСКУЭ) орнотуу, трансформаторлорду алмаштыруу жана тармактарды жаңылоо (ӨЗО/СИП зымдары) боюнча масштабдуу долбоор. SCADA башкаруу тутумун жигердүү киргизүү улантылууда.

4. Жаңы муундагы окуу борбору (JICA)

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын ZEB (энергияны керектөөсү нөлгө барабар имарат) концепциясы боюнча уникалдуу Окуу борборунун курулушу башталууда.

  • Объект өздүк күн генерациясы жана энергияны сактоо тутумдары менен жабдылат.
  • Кадрларды дүйнөлүк стандарттар боюнча даярдоо үчүн релелик коргоо жана энергия тутумун мониторингдөө боюнча заманбап симуляторлор орнотулат.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу физикалык инфраструктураны жаңыртууга гана эмес, жаңы өнөр жай жана туристтик объекттерди туташтыруу үчүн ишенимдүү база түзүүгө, техникалык жоготууларды азайтууга жана энергетик-адистердин жаңы муунун даярдоого мүмкүндүк берет.

Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын сутка бою иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:

📞 105 (чалуу акысыз) 📞 +996 772 001209, 0556 001209 📲 WhatsApp: +996 702 001209