2025-жылдын 29-августунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери тарабынан «Кондиционерсиз күн» аттуу экологиялык жана энергетикалык акция өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында компаниянын борбордук аппаратты жана бардык аймактык филиалдарындагы кызматкерлерди бир күнгө кондиционерлерди колдонбоого чакырды. Бул — энергияны үнөмдөөнүн жөнөкөй, бирок маанилүү кадамы.
Акциянын негизги максаты — коомчулукту электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга жана жаратылыш ресурстарын сактоонун маанилүлүгүн көрсөтүү.
Энергияны үнөмдөө — күнүмдүк адаттардан башталат:
бүгүн — кондиционерсиз,
эртең — электр энергияга жоопкерчиликтүү мамиле.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарындагы электр тармактар ишканалары активдүү катышып, жалпы демилгени колдошту.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта мындан ары да туруктуу өнүгүүгө, экологиялык жоопкерчиликке жана энергетикалык коопсуздукка багытталган иш-чараларды өткөрүүнү улантат.