2025-жылдын 4–5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын төрагалыгы алдында Борбордук Азиянын Координациялык электроэнергетикалык кеңешинин (БА КЭК) 44-жыйыны өттү
2025-жылдын 4–5-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын төрагалыгы астында Борбордук Азиянын Электроэнергетикалык Кеңешинин (БА ЭЭК) 44-жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин энергетика тармагындагы жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
Мындан тышкары, энергетика тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, туруктуу жана ишенимдүү электр энергия менен камсыздоо, ошондой эле Борбордук Азиянын энергетикалык системаларынын интеграциясы жана өнүгүүсү боюнча келечектүү багыттар талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңылануучу энергия булактары жаатындагы жаңы технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар Борбордук Азияда энергетикалык жааттагы регионалдык өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин тастыктап, бирдиктүү энергетикалык системанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен кадамдарды кабыл алууга макулдашышты.